Кыргыз радиосу мындан 80 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1931-жылы негизделген. Кыргыз радиосунун концепциясы - көркөм өнөрдүн таасири аркылуу жалпы угармандардын жан дүйнөсүн байытуу, тарбиялоо. Read more

  1. Status

    Waiting for station data

Media group КТРК

Similar stations

About the station

Күн сайын 12 сааттык уктуруулар эфирге чыгат. Уктуруулар жалаң кыргыз тилинде даярдалат. Уктуруулардын сапатын жакшыртып, угармандардын катарын көбөйтүү максатында редакция жамааты ар убакта талкууларды, талдоолорду өткөрүп, өз кызматын өтөп бүткөн уктурууларды жаап, жаңы долбоорлордун үстүндө изденип, эфирге даярдап келишет. Ошол эле учурда Радионун жүзүн чагылдырып турган роликтер маал-маалы менен жаңыланып турат. Бүгүнкүдөй саясатташкан, күнүмдүк көйгөйлөр адамдын адамдын акыл-эсин чарчатып турган кымгуут заманда угармандардын жан дүйнөсүнө азык берип, эс алууга багыттап, жакшылыкка үндөп келаткан Кыргыз Радиосунун келечеги алдыда.

Station contacts

Address
Кыргызстан, Бишкек шаары. Жаш Гвардия бульвары, 59
Phone
+(0312) 39-16-10, 65-67-04
Website
ktrk.kg/kyrgyzradio
Facebook
@Kyrgyzradiosu